Эсептөө палатасы: Ош мэриясында 4,5 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды
Ош шаардык мэриясында 4 миллион 534 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы бүгүн, 9-октябрда билдирди. Каржылык чыгымдар жалган (болгон эмес) юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө, "Ош Тазалык" ишканасына жеңил автоунаа сатып алууга (кымбаттатылган баада), аткарылган иштердин көлөмүн жасалма көбөйтүүдөн кийинки төлөмдөргө, шаардык бюджеттин эсебинен жасалчу иштерге акча төлөөгө кеткени айтылды. "Ош мэриясынын аппараты жана "Ош Тазалык" ишканасы боюнча жүргүзүлгөн аудиттердин материалдары укук коргоо органдарына берилет. Бул иштерге юридикалык баа берилип, тийиштүү чаралар көрүлөт",- деп билдирет Эсептөө палатасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

