"Депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы "үч күндүн ичинде Кыргызстандан чыгып кеткиле, чыкпасаңар кырып салам” деп коркутуп жатат" дейт жабырлануучу



“Парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев “Мен бандитмин, бандит боюнча калам. Силер үч күндүн ичинде Кыргызстандан чыгып кеткиле” деп коркутуп кетти”,- дейт Кадыралиевден жабыр тарткан Ашыралы Келдибаев. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Канжар Кадыралиев жана анын жигиттери "20 миң доллар бер" деп баласын кордошкон.
“40 күндөн бери чындык издеп жүрөбүз. 31-августта түнкү саат үчтө бет капчан төрт бала үйгө кирип, балам Сактанды тапанча менен коркутуп, уруп, кемпирим экөөздүн колу-бутубузду байлап, камап салды. Анан баламды башка тапанча менен чапкылап, “20 миң доллар бересиң” деп болгон акчаларын алып кетишти. Бул жигиттер депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевдин жигиттери. Алардын бирин таанып калдым, ал Канжардын оң колу болуп жүргөн Абдисалам (каймана аты Саша) деген жигит. Булар баламды бир жылдан бери коркутуп, айына 2 миң доллардан өндүрүп жүрүшкөн экен. Балам муну бизге айтпай жүрүптүр”,- дейт Келдибаев.
Айта кетсек, бул окуя тууралуу жабырлануучу Ашыралы Келдибаев президент Алмазбек Атамбаевге, райондук, облустук жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, Канжар Кадыралиев жана Абдисаламга чара көрүүнү суранууда.
"Депутат Ыргал Кадыралиеванын агасынын жигиттери мылтык такап, акча талап кылышты"


Далили жок маалымат жазгандан алыс болсоңуз.
Далили жок маалымат жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, каралоого тыюу салынат.
Кеңештин депутаты Ыргал
Кадыралиеванын бир тууганы Канжар
Кадыралиевдин телефон аркылуу
сүйлөшкөнү интернетке чыкты. Анда бул
кезге чейин Кадыралиев алып жүргөн
акчанын чын-төгүнү жана экөөнүн достугу
жөнүндө сөз болгон.
Бул чыгарылган сүйлөшүү Сактан
Келдибаев тара
Далили жок маалымат жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, каралоого тыюу салынат.
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
Этика нормаларын сактаңыз!
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Провокацияга жол берилбейт!
10 күн банга!
Силерге эскертүү! Провокацияга жол берилбейт!
turatbek-92,
Далили жок билдирүү жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!