Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын ичиндеги 4 жашар кыз дайынсыз болууда
Сокулук районунун Тынчтык конушунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын ичиндеги 4 жашар кыз дайынсыз болууда. Аны издөө иш-чараларына куткаруучулар тартылган. Бирок төрт күндөн бери андан эч натыйжа чыкпай жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Айта кетсек, 6-октябрь күнү саат 06:28 чамасында Ауди 100 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Автоунаанын ичинде 5 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адамды окуяга күбө болгон адамдар куткарып калышкан. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, 1 адамдын жансыз денесин жана автоунааны суудан чыгарып беришкен. Ал эми унаанын ичиндеги 4 жашар кыз дайынсыз болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Feijipiao

10.10.2014. 12:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кырсыктан алыс кыла корсо экен Кудайым баарыбызды.4жаштагы кыз аман эсен табылып калсын деп жакшы ниет кылып турайлы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.