Тажикстандын борборунда жашагандар SMS жазышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты
Тажикстандын уюлдук операторлору Дүйшөмбү шаарынын тургундары үчүн телефондон кыска маалымат алмашуу кызматын (SMS) өчүрүштү. Муну 10-октябрда чет элдик маалымат булактары жеке булактарга шилтеме берүү аркылуу жарыялашты. Бул аракет бүгүн Дүйшөмбү шаарында өтүүчү оппозициянын митингине байланыштуу бийликтин буйругу менен жасалганы айтылды. "Кечээ кечинде бизге Байланыш кызматынан SMS-сервисти өчүрүү көрсөтмөсү келди. Себебин бизге айтышкан жок. Өчүрүү канча убакытка созуларын билбейбиз",- деп билдирген уюлдук компаниялардын биринин өкүлү.
Оппозиция митингинде өлкө президенти Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылышары буга чейин кабарланган эле. Уюштуруучулар - жакында сот тарабынан "экстремисттик" деп табылган "Топ 24" уюмунун өкүлдөрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

