Канжар Кадыралиев "карындашым Ыргал Кадыралиева - депутат, президент менен түз байланышат, колуңардан эч нерсе келбейт” деп жатканын айтат сабалган жарандын апасы



“Канжар Кадыралиевдин жигиттери баламды алдыма коюп алып сабашты”,- дейт Кадыралиевден жабыр тарткан ишкер Сактан Келдибаевдин апасы Абиба Келдибаева. Бул тууралуу Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну Келдибаева бүгүн, 10-октябрда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Жыйында үй-бүлөсү менен Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы, Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевден кордук көрүп жатышканы тууралуу айтып беришти.
Алардын айтымдарында, Канжар коркутуу аракети менен баласы Сактандын кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөөдө. “Баламдын бети-башын канжалатып, анысы аз келгенсип, алдыма алып келип да сабашты. “Тийбегиле” десем, менин да башыма тапанча такап, “үнүңдү чыгарба” деп коркутушту. Балам болсо “акчаны, машинамды алдыңар, апам менен атама тийбегиле” десе, “бул акча бизге аз, 20 миң доллар жана заводуңду бересиң” деп сабашты”,- деди Келдибаева.
Канжар карындашы Ыргал Кадыралиеванын күчүнө таянып жатканын кошумчалады. “Менин карындашым - депутат, президент Алмазбек Атамбаев менен түз байланышат. Колуңардан эч нерсе келбейт” деп жатат. Прокуратураларга жазган арыздарыбыздан пайда чыкпай жатат. Анткени өзү прокуратурада иштегендиктен, баары эле “эртең кармайбыз, мына кармайбыз” деп калтырып коюп жатышат”,- деди ал.
"Депутат Ыргал Кадыралиеванын агасынын жигиттери мылтык такап, акча талап кылышты"


Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
Этика нормаларын сактаңыз!
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Провокацияга жол берилбейт!
10 күн банга!
Силерге эскертүү! Провокацияга жол берилбейт!
turatbek-92,
Далили жок билдирүү жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!