Бишкекте эртең Шаар күнү белгиленип, эски аянтта спорттук оюндар өткөрүлөт
Эртең, 11-октябрда Бишкектин 136 жылдыгы белгиленип, майрамдык иш-чарада спорттук оюндар өткөрүлөт. Бул тууралуу борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 11:00дө эски аянтта спорт боюнча Бишкек шаардык комитети тарабынан көркөм гимнастика, таэквондо, дзюдо, оор атлетика, күрөш, грек-рим күрөшү боюнча көрсөтмө оюндар уюштурулат.
Мындан тышкары иш-чаранын жүрүшүндө армрестлинг, стол үстүндөгү теннис, шахмат, тогуз коргоол, ордо, аркан тартыш боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат. Жалпысынан майрамдык иш-чарага 2 миңге жакын адам катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.