super.kg logo

Ош шаарында жарандарды укугун билүүгө чакырган “33 кыймылы” деген аталыштагы акция өтүп жатат

 

Бүгүн, 10-октябрда Ош шаарынын коомдук жайларында “33 кыймылы” деген аталыштагы акция өтүп жатат. SUPER.KG порталына акциянын Оштогу координатору Жанабил Давлетбаев билдиргендей, КРнын Конституциясынын 33-беренесине ылайык, ар бир жаран мамлекеттик органдан маалымат алууга укуктуу. Акцияда ошону жергиликтүү элдерге түшүндүрүү, аны кандай жол менен пайдалануу керектиги айтылууда.

“Бул акция коомдук жайларда өткөндүктөн, көпчүлүк өз укуктарын билүүгө кызыгышып, өзүлөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун сурап, акцияда жүргөн тийиштүү адистерден жооп алып жатышат. Мисалы, Ош шаарындагы жолдорду кеңейтүү маселеси менен тиешелүү мекемеге кайрылуу жасалса, канча күндө жооп келерин, эгер келбесе кандай чараларды колдонуу керектигине кызыгышты. Менин оюмча, өз укугун билүүдө мындай акциялар эмес, маалымат берүүчү атайын жайлар болуш керек”,- деп кошумчалайт Ж.Давлетбаев.

Кошумчалай кетсек, мындай акция учурда Кыргызстандын бардык аймагында өтүп жатат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: