super.kg logo
  Саясат  

Республикалык дүлөй балдар мектебине 1 миллион сомдук белектер берилди

 

Бүгүн, 10-октябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда Республикалык дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектептин 80 жылдык мааракеси белгиленди. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага депутат Дамира Ниязалиева катышып, спикер Асылбек Жээнбековдун жана депутаттардын атынан куттуктады.

Ниязалиева 2013-жылдын декабрь айында төрага Жээнбеков баштаган депутаттар аталган жатак-мектептин шартынан кабар алгандыгын эске салды. Анда төрага бул мектепке өтө зарыл болгон угуу аппараты, интерактивдүү такталар жана ашкана жабдуулары менен камсыздоого убада кылгандыгын айтып, бүгүнкү мааракелик салтанатта убадаланган жабдуулардын сертификаттарын тапшырды.

Ошентип, жатак-мектептин жетекчилигине Жогорку Кеңештин атынан 1 миллион 124 миң сомдук угууну күчөтүүчү зымсыз 2 аудиоклассты (угуу аппараты) сатып алууга сертификат салтанаттуу түрдө тапшырылды. Мындан сырткары 105 336 сомго 2 интерактивдүү такта менен 65 000 сомго ашкана жабдуусун алууга сертификаттар берилди.

Тарых барактарында 80 жыл бир гана көз ирмем болсо, бул жатак-мектептин ар бир мугалими, ар бир окуучусу үчүн 80 жыл - жылуу эскерүүлөр”,- деген Ниязалиева ардагер мугалимдерге, жаш педагогдорго талыбаган түйшүктүү эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирип, балдарды тарбиялоодогу алардын тажрыйбасын Жогорку Кеңеш, өкмөт жогору баалаарын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: