super.kg logo
  Саясат  

Астанада Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө

 
Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 10-октябрда Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 5-жыйыны ишин улантууда. Кыргызстан тараптан кеңешмеге Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев катышып жатканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Өкмөттөр аралык кеңешменин алкагында Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан эт өндүрүү багытындагы малчылыкты өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сунуш жөнөтүлгөнү айтылды. "Кыргызстандагы малдын саны эт өндүрүүгө ылайыктуу, андыктан эт багытындагы ири мүйүздүү малды көбөйтүп, эт өндүрүүнү жакшы жолго коюуга болот. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна да жакшы таасир этет. Мындан тышкары Кыргызстанда эт багытындагы малды багуу боюнча биргелешкен жеке ишканаларды түзүү боюнча бизнес-долбоору да жиберилген",- деп билдирет министрлик.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: