Бишкекте ишкерлер менен өкмөт өкүлдөрү өлкөгө автоунаа алып кирүүдөгү бажы тарифинин көтөрүлүшүн талкуулашат
Экономика министрлигинде 15-октябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу бажы алымдарын көтөрүү темасы боюнча тегерек стол өтөт. Муну аталган министрликтен кабарлашты. Анда биримдикке киргенден кийинки өткөөл мезгилде бажы алымдары көтөрүлө турган азык-түлүктөрдүн тизмеси талкууланары айтылды. Автоунааларга бажы алымдарынын көтөрүлүшү тууралуу да талкуу болот. Жыйынга министрликтин жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү, ишкерлер, мунун ичинде автоунаа ташуу менен алектенген ишкерлер катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

