super.kg logo
  Саясат  

Нарын. "Ала-Тоо-Дордой" хоккей командасы республикалык мелдеште 1-орунду алды

 

27-ноябрда Нарын шаарында КРнын хоккей боюнча 5-юбилейлик чемпиондугунун 2-этабы аяктады.  Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Нарын облусунун “Ала-Тоо-Дордой” командасы алып, диплом, медаль жана 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунду Бишкектин “Арстан” командасы ээлеп, диплом, медаль жана 15 миң сом акчалай сыйлык алышты. Ал эми 3-орунду Чолпон-Ата шаарынын “Ысык-Көл” командасы алып, диплом, медаль жана 10 миң сомго ээ болушту. Ошондой эле 4-орунду Жумгал районунун “Шортон” командасы алып 5 миң сом алса, 5-орунду Миң-Куш шаарчасынын “Миң-Куш” командасы алып, 3 миң сомго татыды. Мындан сырткары оюнчуларга “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты коргоочу", “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты бомбардир” аттуу 5 номинация ыйгарылып, хоккейчинин келбетин чагылдырган коло статуэткалар өз ээлерин тапты. 

1. "Ала-Тоо-Дордой" командасы.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: