super.kg logo
  Саясат  

Эбола вирусуна каршы күрөшүүгө Африкага Кыргызстандан да адистер кеткени айтылууда

 

Эбола вирусуна каршы күрөшүүгө Африка өлкөлөрүнө Кыргызстандан да медицина кызматкерлери кетишиптир. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында билдирди.

Нышанов мындай маалыматты тактоо үчүн саламаттык сактоо министринин орун басарына кайрылды. "Мендеги маалыматтар боюнча, учурда Африка өлкөлөрүндө күч алып жаткан Эбола вирусу менен күрөшүүгө Кыргызстандан да адистер кетишиптир. Министрликте бул боюнча маалымат барбы? Дегеле Кыргызстан аталган вируска каршы кандай аракеттерди көрүп жатат?"- деп суроо берди депутат.  

Вируска каршы аракеттенүү үчүн учурда чек ара өтмөктөрүндө 5 медициналык көзөмөл пункту иштеп жатканын айткан саламаттыкты сактоо министринин орун басары адистердин Африкага кеткени боюнча министрликте расмий маалымат жок экенин билдирди.

Айта кетсек, Батыш Африканын бир катар өлкөлөрүндө аталган вирус күч алып, андан миңдеген адам каза тапты. Дартты жеңе турган дары азырынча табыла элек.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: