super.kg logo

Замирбек Осмонов: "Быйыл 29,9 миллиард сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 97,3 пайызга аткарылды"

 
Бүгүн, 13-октябрда "Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында өткөн маалымат жыйынында КРнын Салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов "2014-жылы КРнын Салык кызматынын алдында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 43,6 миллиард сом чогултуу милдети турган" деп билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч 2013-жылдын планына салыштырмалуу 6 миллиард 82,3 миллион сомго (16,2 пайызга) көбүрөөк. "2014-жылдын сентябрь айында пландалган 3,7 миллиард сом салык жана төлөмдөрдүн ордуна 3 миллиард 835,3 миллион сом чогултулган. Бул өткөн жылдын тиешелүү көрсөткүчүнө карата 15 пайызга жогору. Быйыл 9 айда 29 миллиард 969,6 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 97,3 пайызга аткарылган",- деди Осмонов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: