Каракол мэриясы жергиликтүү шаардык түзүмдөрүнүн башчыларын элдин маселелерин өз убагында чечүүгө чакырды
Каракол шаардык мэриясы жергиликтүү шаардык түзүмдөрдүн башчыларына кайрылуу жасап, элдин маселелерин өз убагында чечүүгө чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай кайрылуу акыркы убакта кээ бир ишкана-мекеме жетекчилери тарабынан шаарда болуп жаткан көрүнүштөргө карата ыкчам чечимдер кабыл алынбай, маселелер убагында чечилбей, кайдыгер мамиле жасалып, шаардын тургундарынын нааразычылыгын жана бийликке болгон ишенимдин жоголуп жаткандыгынан улам чыгып жатат. Каракол шаарынын мэриясынын аппаратынын жооптуу кызматкерлерине, шаардык түзүмдөрдүн башчыларына, ишкана-мекемелердин жетекчилерине, муниципалдык аймактык өз алдынча башкаруулардын башчыларына:
- "уюлдук телефондордун күнү-түнү иштөөсүн камсыздап, Каракол шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан чалууларга дайыма жооп берүүлөрү тапшырылсын;
- уюлдук телефондордун номерлерин алмаштырууда биринчи кезекте Каракол шаарынын мэриясынын кабылдамасына билдирүү жагы тапшырылсын;
- жогорудагы тапшырмаларды аткарбаган жетекчилерге чара көрүлөрү эскертилсин" деп кайрылды.
Билдирүүдө аталган иш-чаралар эл менен бийлик ортосундагы нааразычылыктарды жана ушул сыяктуу көрүнүштөрдү азайтуу максатында, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, Каракол шаарынын аймагында коомдук-саясий абалды жана стабилдүүлүктү көзөмөлдөп туруу, түрдүү өзгөрүүлөргө ыкчам аракет кылуу үчүн жасалары да белгиленген.


