super.kg logo

Салык кызматы: “Сентябрда “Дордой” базарынан 37 миллион сом салык чогултулган”

 

Бүгүн, 13-октябрда “Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында өтүп жаткан маалымат жыйынында КРнын Салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов: “Быйыл “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларында салык чогултуу боюнча реформалар башталып, ийгиликтүү жүрүп жатат”,- деп билдирди.

Анын айтымында, өткөн айда “Дордой” базарынан 37 миллион сом салык чогултулган. “Реформалар апрель айында башталганда салык чогултуу 27 миллион сомго барабар болчу. Ай сайын бул көрсөткүч 2-3 миллион сомго өсүп жатат. Быйыл реэкспорттун деңгээлинин азайышына карабастан, салык чогултуунун өсүшү жакшы көрүнүш”,- деди Осмонов.

Андан соң ал “Кара-Суу” базарында жүрүп жаткан реформа боюнча да айта кетти. “Бул базарда салык чогултууда адам жана Салык кызматынын кызматкеринин ортосунда байланышты жок кылуу үчүн иш жүргүзүп жатабыз. Бул багытта иш мыкты жүрүп жатат”,- деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: