Алмазбек Атамбаев кышка даярдык көрүү боюнча өзгөчө кырдаалдар министринин маалыматын укту

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, министрликтин кышка даярдыгын сурады. Жолугушууда министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, авариялык кырдаалдарды жана анын кесепетин жоюу тууралуу президентке маалымат берди. Өлкө башчы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын өмүрүн коргоодо министрликтин иши маанилүү экенин айтып, кышка карата авариялык-куткаруу кызматынын даярдыгын бекемдөөнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

