super.kg logo

Кыргызстанда санариптик телеканалдардын социалдык пакетине 8 канал кирди

 

Бүгүн, 13-октябрда маалымат жыйынында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова “Кыргызстанда жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетине 8 канал кирди” деп билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө санариптик телеберүүгө өтүү боюнча КРнын Транспорт жана байланыштар министрлиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги иш-аракеттерди жүргүзүүдө. “8 каналдан турган аталган социалдык пакетке КТРКнын 3 ар түрдүү тематикалуу каналдары, ЭлТР, "МИР", "5-канал", “Пирамида” жана облустук телерадиокомпаниялар кирет”,- деди ал.

Мындан тышкары ал ар бир каналга 10 миллион сом берилерин баса белгиледи. "Жалпысынан санариптик телеберүүнү өнүктүрүүгө 100 миллион сом пландалган. Бул акча каражаттын 11 миллион сому техникалык жабдууларды сатып алууга сарпталса, 9 миллиону керектүү контентти түзүүгө колдонулат",- деп толуктады А.Темирбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: