Милиция кызматкеринин катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча кызматтык текшерүү дайындалды
Милиция кызматкеринин катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча кызматтык текшерүү дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 11-октябрь күнү саат 22:40 чамасында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Д.А. Даймлер Бенц унаасы менен Л.Толстой көчөсүндө каршысында келе жаткан кичи автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен кичи автобустагы эки жүргүнчү жабыркаган. Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкери мас абалында болгон. Ошондой эле анын жанында тиешелүү документтери болгон эмес. Учурда бул факты боюнча кызматтык текшерүү дайындалды. Жыйынтыгында милиция кызматкерине чара көрүлөт.
Жол кырсыгы: мас подполковник бир үй-бүлө мүчөсүн жабыркатты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Провокацияга жол берилбейт! Эскертүү!