super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги "Тазалык" ишканасын жоюу пландалууда

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 13-октябрдагы жыйынында "Тазалык" ишканасынын узак жылдардан бери топтолгон 150 миллион сом карызын жоюу сунушу каралып, жактырылды. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, узак жылдардан бери салык жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү өз маалында төгүлбөй, "Тазалык" ишканасынын негизги карызы 150 миллион сомго жеткен жана туумдары көбөйүп кеткен. Азыр "Тазалыктын" өз карызын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми карыздын калган туумдарын мэрия төлөйт.

"Тазалык" ишканасына караштуу 400 автоунаа болсо, ушу тапта анын 60ы гана ишке жарактуу экени айтылды. Ишкана өзүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылай албай жатат. Мэрия иштеп чыккан жаңы долбоорго ылайык, Бишкекти тазалоо ишине эми жеке менчик ишканалар тартыла баштайт. Шаар башчынын айтымында, кийинчерээк "Тазалык" ишканасы жоюлуп, анын милдети райондордун өзүнө жүктөлөт. Комитет мүчөлөрү мындай демилгени жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: