super.kg logo
  Саясат  

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн II жана III фазаларын ишке ашыруу жаатында эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө

 

13-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө өкмөт Азия өнүктүрүү банкы жана Дүнөлүк банк менен Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн келерки II жана III фазаларын ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Ал үчүн бир катар жаңы келишимдер түзүлүүгө тийиш.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, Токтогул ГЭСинин жабдуулары 40 жылдан бери алмаштыруусуз иштетилип келгендиктен, техникалык жактан эчак эле эскирип бүткөн. “2012-жылы калыбына келтирүүнүн I фазасын ишке ашыруу багытында 55 миллион доллар каражат алынган. Ал эми анын II фазасында ГЭСтин 2 агрегаты, III фазасында дагы 2 агрегаты алмаштырылат. Учурда 4 агрегат 1200 мегаватт электр кубатын иштеп чыгып жатса, оңдолгондон кийин анын кубаты 1440 мегаваттка чейин жетет,- дейт ал.

Талкуу жыйынтыгында маселе туура коюлуп жатканы белгиленди. Бирок өлкөнүн энергетика тармагында туташ коррупциялык жосундар орун алгандыктан, энергетикалык объектилердин өздүк наркы так аныкталганга чейин бул маселени кийинкиге жылдыра туруу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: