super.kg logo

Эл аралык каттамдар аркылуу келген жүргүнчүлөр Эбола вирусу боюнча текшерүүдөн өтүшүүдө

 
"Тепловизордун" бетинде жайгашкан кызыл индкатор адамдын температуурасын бир нече автоматтык түрдө аныктайт. Ал нормадан ашык болсо, ал дароо белиг берет
Орусиядан келген жүргүнчүлөр каалоосуз журналисттердин камера жана фотоаппараттардын жарыктарына туш болду окшойт
"Тепловизор" текшерүүчү жайдан өткөн ар бир жүргүнчүнүн температуурасын 4 метр аралыктан аныктай алат
Орусиядан келген жүргүнчүлөр
Кыргызстандын аймагына келген ар бир жүргүнчүнүн ден-соолугу жакшы
Температурасы жогору болуп келген айрым жүргүнчүлөр тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин сасык тумоо менен ооруп калгандары гана аныкталган, азырына коркунуч жок дейт адистер
Орусиядан келген жүргүнчүлөр
Ар бир аба каттамынын жүргүнчүлөрдүн температууралары текшерилүүдө, ага ылайык аэропорттун кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөдө
Эгер коркунучтуу же жугуштуу ооруга чалдыгып калган жүргүнчү аныкталып калса, ооруну жугузуп албоо үчүн аны атайы кийимчен дарыгерер карамакчы
Бул жай коркунучтуу жана жугуштуу вирусуна чалдыккан жүргүнчүлөр үчүн даярдалган, анын ичинде сегиз орун бар
"Манас" аэропорттун дарыгер-эпидемиологу Мирлан Чакиев

Акыркы учурда орчундуу маселеге айланып, бир нече миң адамдын өмүрүн алып кеткен Эбола вирусунун Кыргызстанга да келип калуу коркунучу бар. Ага ылайык, эл аралык аэропорттордогу текшерүүчү пункттар  күчөтүлгөн режим менен иштөөдө. Кечээ, 13-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан “Манас” аэропортуна пресс-тур уюштурулду.

“Текшерүүчү пункттун ичинде атайын орнотулган жабдык бар, ал “тепловизор” деп аталат. Аталган жабдык 4 метр аралыктан адамдын температурасын көрсөтүп турат. Эгер анын дене табы нормадан ашык болсо, ал дароо белги берет. Андан соң ал адам аэропортто жайгаштырылган обсерваторго алынып барат. Ал жактан себептери аныкталып, эгерде анын симптомдору жугуштуу оорулардын биринин белгилерине окшош болсо, атайын "Тез жардам" чакырылып, Жугуштуу оорулар ооруканасынын атайын бөлүмүнө жеткирилмекчи”,- дейт аэропорттун дарыгер-эпидемиологу Мирлан Чакиев.

Анын айтымына караганда, эл аралык каттамдар аркылуу келген жүргүнчүлөрдө эч кандай Эбола вирусунун симптомдору жок. Температурасы жогору болуп келген айрым жүргүнчүлөр тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин ангина же сасык тумоо сыяктуу оорулар менен ооруп калгандары аныкталган.

“Кыргызстандын аймагына эл аралык каттам аркылуу келип конгон учак тууралуу генералдык декларация берилет. Анын негизинде биздин ар бир жүргүнчү тууралуу тиешелүү маалыматыбыз бар. Залдын ичиндеги текшерүүчү жайда автоматташтырылган портативдик жабдык 2009-жылы орнотулган, андан сырткары дагы бирөө бар”,- деп кошумчалайт М.Чакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.10.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Манас аэропортунда бар экен,а Ошко конгондорчу текшерилбейби не???
14.10.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошту дагы козомолго алуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: