super.kg logo

Ажылык сапардан келген зыяратчылардын арасында Эбола вирусун жуктуруп алгандар жок

 
Быйылкы жылдын эсебинен ажылык милдетин өтөгөнү кетишкен кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы эки тобу Кыргызстанга кайтып келишти. Алардын арасында коркунучтуу же жугуштуу ооруга чалдыккандар жана катталгандар азырынча жок, бирок кепилдик жок. Себеби ал жакта адам көп жана алар тыгыз байланышта. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда журналисттерге Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Ажылык зыяратка 3865 адам кеткен, бүгүн үчүнчү рейс келмекчи, азырынча эч кандай жугуштуу же Эбола сыяктуу вирус жуктургандар жок. Ал эми Кыргызстандын аймагына келген ар бир адам атайын текшерүүлөрдөн өтүүдө”,- дейт Нурболот Үсөнбаев.    
Эске салсак, алгачкы рейс 11-октябрда Бишкек шаарына таңкы саат 4:45те конгон. Бүгүн түнү үчүнчү рейс келмекчи, ал эми зыяратчылардын акыркы тобу 25-октябрь күнү келери маалым. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.10.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым озу сактасын
14.10.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой текшеруу ошто да болобу же бишкекте элеби?
16.10.2014. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай тынчсыз убакта чет жактарга чыкпай турушса да болот эле. Сактансак озубузго жакшы эле. Жамандыктардан алыс эле бололу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: