super.kg logo

Либерияда бир жыл жүрүп келген кыргызстандык Эбола вирусуна байланыштуу 21 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болду

 

Чет өлкөдө Эбола вирусу күч алгандыгына байланыштуу Либерияда акыркы бир жылдан бери жүргөн Кыргызстандын жараны 21 күн дарыгерлердин карамагында болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын жараны бир жылдан бери Либерияда кызматтык иш сапары менен жүргөн. Ал мекенине кайтуу алдында тиешелүү министрликтер тарабынан Карантиндик жана санитардык борборго алдын ала маалымдалган.   

“Биз аны чек арадан атайын өзүнчө транспорт менен тосуп алдык. Ага атайын изолятор даярдалган. Эбола вирусунун инкубациялык убактысы 2 күндөн 21 күнгө чейин болгондуктан, 21-күнү аны медициналык кароодон өткөрдүк. Кароодон ал адамдын дени сак чыкты, ошондуктан биз аны үйүнө коё бердик”,- дейт Н.Үсөнбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: