super.kg logo

Кыргызстанда карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды текшерүүчү жайлардын санын эки эсе көбөйтүү пландалууда

 

Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кирип жаткандыгына байланыштуу өлкө аймагындагы карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды текшерүүчү жайлардын саны 12ге чейин көбөйөт. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган пункттардан алтысы иш алып барууда, алар Бишкек жана Ош шаарындагы  “Манас” аба майданында, “Торугарт” жана “Эркеч-Там” унаа өткөрүү бекеттеринде, ошондой эле Кытай чек арасында жайгашкан темир жолдогу карантиндик-санитардык жай.

"Эл аралык аба майданы статусуна Каракол, Тамчы жана Баткендеги аэропорттор да ээ болгондугунан улам аталган жайларда дагы 5 карантиндик-санитардык жай ачуу пландалууда. Ошондой эле “Кайрыгач”, “Кара-Мык”, “Кызыл-Бел”, “Достук” жана “Кызыл-Кыя” унаа өткөрүү жайларында да карантиндик-санитардык жайлар ачылмакчы",- деп кошумчалайт Н.Үсөнбаев.      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: