Мавлян Аскарбеков: "Дүйнөдө бензин арзандап жатса, Кыргызстанда, тескерисинче, кымбаттоодо"
"Дүйнөдө бензиндин баасы арзандап жатса, Кыргызстанда, тескерисинче, кымбаттоодо",- деп билдирди Бишкекте бүгүн пикетке катышып жаткан активист Мавлян Аскарбеков. Анын билдиришинче, бул маселеге президент Алмазбек Атамбаев кийлигишүүсү керек. "Президенттен ушул маселени чечип берүүнү суранабыз. Бийлик алмашсын деген талап айтылбайт. Эгер бензин кымбаттай берсе, социалдык маселелер чечилбеген бойдон кала берсе, бийликти эл өзү эле алмаштырып коёт",- дейт Аскарбеков.
Айта кетсек, борбор шаарда бүгүн, 14-октябрда "Мен бензиндин кымбатташына каршымын!" деген ураан менен жаштар пикетке чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

