super.kg logo

Нарындагы 70 окуучуга ылайыкталган медресенин курулуш иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат

 

Нарын шаарында курулуп жаткан медресенин курулуш иштери жыл аягына чейин аяктап, жаңы жылга чейин мусулмандардын кызматына берилип калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын борбордук “Азрети Али” мечитинин аймагында салынып жаткан диний окуу жайдын имараты Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен курулууда. Имараттын узундугу 35 метр, туурасы 15 метр болуп, бир кабат жана жер төлөсү менен салынууда. Аталган имарат 70 окуучуга ылайыкталып, биринчи кабатта окуу бөлмөлөрү, жыйындар залы, мүдүр бөлмөсү, окутуучулар бөлмөсү, ал эми жер төлөсүндө жатакана, ашкана, китепкана жана даараткана орун алган. 

Эске салсак, медресе облустун казысы Мамбетасан Ибраевдин демилгеси менен курула баштаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: