Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев профессионалдык рингде бешинчи беттешин өткөрөт

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мурунку мүчөсү, акыркы жылдары АКШда жашап, машыгып жүргөн мушкер Урмат Рыскелдиев профессионалдык рингде кезектеги беттешин өткөрөт. Беттеш 30-октябрда Лос-Анжелес шаарында өтөт. 69 килограмм салмакта Урматка каршы рингге мексикалык Карлос Лозано чыкмакчы. Бул тууралуу мушкердин жакындары кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, У.Рыскелдиев буга чейин 4 беттеш өткөрүп, 3 ирет жеңүүчү аталган. Бир беттеш тең чыгуу менен аяктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.