super.kg logo
  Саясат  

Кирешеси тууралуу декларацияларын туура эмес тапшырган чиновниктерге сөгүш берилди

 

Кыргызстанда бир жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу декларацияларын туура эмес толтурган (кирешесин же мүлкүн жашырган, же туура эмес маалымат берген) чиновниктерге өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев эскертүү жана сөгүш берди. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сөгүш берилген:

Михаил Халитов - өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары

Эскертүү берилгендер:

Кудайберген Базарбаев - Социалдык өнүгүү министри

Эрик Куйкеев - Социалдык өнүгүү министринин орун басары

Болот Мотукеев - өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары

Куанышбек Кенебаев - өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары

Кубанычбек Алымкулов - өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары

Толкун Бекбулатова - Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун директору

Эркин Исаков - Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору

Нуржан Осмоналиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: