super.kg logo

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы тиешелүү бөлүмдөргө 4 күндүк ыкчам жыйын өтүүдө

 

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 52806-аскер бөлүгүнүн базасында Генералдык штабдын аскер кошуундарынын аскер кызматтарынын жана тиешелүү мекемелердин жетекчилерине арналган төрт күндүк ыкчам жыйын өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда башталган жыйындар 17-октябрга чейин уланмакчы. Аталган иш-чара Куралдуу күчтөрүнүн кызматтарынын кийинки жылга аракетин пландоо жана уюштуруу максатында өтүүдө. 

Ошондой эле жыйын 2014-жылга карата аскерлердин жана башкаруу уюмдарынын күжүрмөн даярдыгынын пландарына ылайык, ар түрдүү кызматтардын – инженердик, медициналык, каржылык, радио-химбиокоргонуу кызматы, маалыматты коргоо жана байланышты камсыздоо кызматтарынын аракеттерин ишке ашыруу максатында уюштурулган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: