Москва районунда белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кетти
4-ноябрда болжол менен саат 21:20да Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 37-чакырымында, Беловодск айылында белгисиз айдоочу автоунаасы менен ошол эле айылдын 40 жаштагы тургуну М.Нны сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын күнөөкөрү жабырлануучуга биринчи медициналык жардам берүүнүн ордуна окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынан жапа чеккен адам денесинен ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө жана издөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.