super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“Түндүк электр” ишканасынын сентябрь айындагы калктан төлөм чогултуу көрсөткүчү 89 пайызды түздү

 

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында “Түндүк электр” ишканасынын бөлүштүрүүчү тармактарына 292,2 миллион кВт саат электр энергиясы түшкөн. Ал эми калк арасындагы электр энергиясына болгон төлөм чогултуу 89 пайызга аткарылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, товардык продукция 270 миллион сомду түзүп, анын 265,9 миллион сому чогултулган, башкача айтканда, көргөзүлгөн сумманын 98,5 пайызы чогултулган. Өндүрүштүк объектилерден – 94 пайыз, бюджеттик уюмдардан - 127 пайыз, айыл чарба объектилеринен - 107 пайыз жана башка керектөөчүлөрдөн 105,5 пайыз чогултулган.

Ошондой эле “Түндүк электр” ишканасы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй болду: Бишкектеги төлөм чогултуу - 104,9 пайыз, Чүй облусунда - 90,7 пайыз, Талас облусунда 104,3 пайызды түзүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: