super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева Паралимпиада спортчуларын кабыл алып, Инчхон шаарында өтүүчү жарыштарына ийгилик каалады

 
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 14-октябрда спортчулар, Паралимпиада оюндарынын катышуучулары Карабек уулу Талгат жана Арстанбек Базаркулов менен жолугушту. Аталган спортчулар 16-24-октябрь күндөрү Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүүчү Азия Паралимпиада оюндарына катышат. Буга байланыштуу аталган спортчуларга өкмөттөн акчалай жардам бөлүнгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сариева Карабек уулу Талгат менен Арстанбек Базаркуловго бекем ден соолук, алдыдагы жарыштарда ийгиликке жетүүлөрүн каалады. "Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Паралимпиада оюндарына 7 спортчудан жана машыктыруучулардан турган делегация жөнөгөнү жатат. Жардам көрсөтүү боюнча өтүнүчүбүзгө өкмөттүн ыкчам реакция жасаганы өтө жагымдуу болду",- деп билдирерт КРнын Паралимпиада федерациясынын башкы катчысы Саламат Бекбоев





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: