super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш гейлерди пропагандалоого тыюу салуу демилгесине каршы чыккан АКШ элчилигине жооп кайтарды

 
Жогорку Кеңеш Кыргызстанда салттуу эмес жыныстык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу мыйзамына каршы чыккан АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жооп кайтарды. Парламенттин билдирүүсүндө өлкөдө ар бир жарандын укугу Конституция аркылуу корголгону, аталган мыйзам долбоору Конституциянын нормаларына каршы келбестиги, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин бузбай турганы айтылат. "Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Улуу Британия, Орусия, Молдова, Латвия өңдүү бир катар мамлекеттердин тажрыйбасы эске алынган. Мыйзам долбоорунун максаты - кыргыз элинин менталитетин эске алуу менен салттуу үй-бүлөлүк, адамзаттык жана тарыхый баалуулуктарды коргоо",- деп белгиленет билдирүүдө. 
Эскерте кетсек, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 13-октябрда "аталган мыйзам долбоору жарандардын фундементалдык укуктарын чектеп, демократиялык жетишкендиктерге жана өлкөнүн конституциялык кепилдиктерине доо кетирет" деп билдирүү жасаган эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: