super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда үлпөт тойдогу кортежге 5тен ашык унаа чыгарууга тыюу сала турган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланды. Мыйзам долбоорун демилгелөө ден соолукка ар кандай даражадагы зыян келтирген, анын ичинде адамдардын өлүмүнө алып келген жол-транспорт кырсыктарынын, алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалда транспорт каражаттарын башкарган адамдар катышкан кырсыктардын санынын көбөйүшүнөн келип чыкканы айтылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, мас абалында унаа башкарып, адам сүзүп алып, ал адам өмүрүн алып кетсе же ден соолугуна оор жаракат алып келсе, 3 жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен 8 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Мындан сырткары жарандардын саламаттыгына залал келтирилип же адам өлүмү менен коштолгон кырсык болгон жерди таштап кеткендерге 3 жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу сунушталган.

Ошондой эле кодексти “автобейбаштык” деген берене менен толуктоо каралган. "Автобейбаштык" беренеси автожарыш, коомдук тартипти, жарандардын тынчтыгын көз көрүнөө бузган, коомду сыйлабаган мамиле деп аныкталган. Мындан сырткары үлпөт тоюнда бештен ашык автоунаа болбошу керектиги белгиленген. Талапты бузгандар айып төлөөгө мажбур болушат.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: