Бишкекте шайлоо системи боюнча коомдук угуу өтүп жатат
Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча коомдук угуулар башталды. Иш-чара президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин жетекчилигинин астында өтүп жатат.
Коомдук угууда шайлоо системи боюнча баяндамалар окулмакчы. Анда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, парламенттеги фракциялардын өкүлдөрү, укук коргоочулар жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катышууда.
Нарымбаевдин айтымында, иш-чаранын жыйынтыгында өкмөт тарабынан тиешелүү токтом кабыл алынмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















