super.kg logo
  Саясат  

Канадалык сот Кыргызстандын "Центерра" компаниясындагы акцияларынын 60 пайызына арест койду

 
Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 77 миллион акциясынын 47 миллионуна (жалпы акциясынын 60 пайызы) арест койду. Бул тууралуу маалымат чет элдик маалымат агенттиктеринин бири аркылуу кабарланды. Арест коюунун себеби - Кыргызстандын "Станс Энерджи" фирмасына 118 миллион доллар компенсация төлөп бербей койгону. Сот чечимине ылайык, кыргыз тарапка аталган акцияларды сатууга, пайдаланууга, алмашууга, өздөштүрүүгө жана күрөөгө коюуга тыюу салынды. 
Аталган фирма "Куттуу-Сай 2" кенин иштетүүгө лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартууну жараксыз деп табуу боюнча сот процессинин башталганы үчүн 118,2 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечимин аткарууну Кыргызстандан талап кылууда. "Азыркы учурда бизде мындан башка жол жок",- деп билдирет "Станс Энерджи" фирмасынын президенти Родни Ирвин





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: