super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 
Бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо "Дипломатиялык кызмат – бул өзгөчө шык-жөндөмдү талап кылат. Атуулдук жана кесипкөйлүк, ар дайым билимге умтулуу, өзүн-өзү өркүндөтүү, демилгелүүлүк, принципиалдуулук, терең ой жүгүртө билүү, мезгил менен кадамдаш болуу жана активдүү турмуштук позиция – биздин өлкөнүн атынан иш алып барган ар бир дипломатты айырмалап туруучу өзгөчө касиет. Бүгүн биз Сиздер менен татаал сыноолорду басып өткөн Кыргызстандын азыркы тарыхындагы жаңы барактарды ачып жатабыз. Жогорку деңгээлдеги көп сандаган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү Тышкы иштер министрлигинин жамаатынан ырааттуу иштөөнү жана республиканын бардык мамлекеттик органдарынын ишин так координациялоону талап кылат. Биздин өлкөнүн улуттук таламдарын коргоодо ар дайым кыраакы болуу менен Сиздер мындан ары да чын дилиңерден иштеп, тышкы саясый жаңы ийгиликтерге жетишип жана өзүңүздөрдүн бай тажрыйбаңыздарды дипломатиялык кызматкерлердин кийинки муундарына өткөрүп бересиздер деп ишенем" деп жазылат  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: