super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Патент мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду

 

Бүгүн, 28-январда президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 2012-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам улуттук мыйзамдарды чет элдик укуктун ченемдери жана эл аралык келишимдердин жоболору менен шайкеш келтирүүгө багытталган. Кол коюлган мыйзам төмөнкүлөрдү бекитет: 

-         - эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен чыкканы ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот

-         - патенттин күрөө укугу киргизилет

-         - патент ээси болуп саналбаган өнөр жай менчигинин мекемесинин авторуна анын каалоосу боюнча "Кыргызпатент" тарабынан автордук күбөлүк берилет

-         - патентти калыбына келтирүү укугу ошондой эле кийин пайдалануу укугу каралат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: