“Парламенттик шайлоого тийиштүү документтерди кабыл алууну тездетүү керек” дейт Чолпон Жакупова
Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте шайлоо системи боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Анын жүрүшүндө укук коргоочу Чолпон Жакупова: “Учурда Кыргызстанда ийгиликтүү депутаттар аймактардын эмес, кандайдыр бир социалдык топтордун кызыкчылыктарын коргогон өкүлдөр болууда”,- деди.
Анын айтымында, 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоо процесстерине даярдык жүрүп жатат. “Мындай коомдук угууларды тездетип, тиешелүү токтомдору жана мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Шайлоо башталганга чейин аткаруучу түзүмдөрдүн документтер менен таанышып чыгышына убакыт керек”,- деди укук коргоочу. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:51
2025-11-06
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















