super.kg logo

Бишкекте электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы ачкачылык жарыялаган активисттерди милиция кармап кетти

 
Горький сейил багында өтө турган ачкачылык акциясы үзгүлтүккө учурады. Учурда ал жакты милиция кызматкерлери кароодо.
Ачкачылык жарыялагандар тарап кетишти.
Милиция кызматкерлери дале тарай элек.
Учурда сейил бакта ачкачылык жарыялагандар тарап кетишти.

Бишкекте бүгүн, 15-октябрда электр жарыгына болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы ачкачылык жарыялап, Горький сейил багына чыккан активисттерди милиция кызматкерлери кармап кетишти. Учурда алардын төртөө Биринчи Май районуна караштуу Ички иштер башкармалыгында. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.

“Биз мэрге алдын ала кат жөнөткөнбүз, ошондой эле Бишкек ШИИББинен да тынчтыкты сактап берүүсүн, боз үйлөргө электр жарыгын туташтырганга уруксат, ошондой эле ачкачылыктан өзүн жаман сезе тургандарга "Тез жардам" сураганбыз. Бирок Горький атындагы сейил бакта боз үй тиге баштаганыбызда милиция кызматкерлери одоно мыйзам бузуу менен биздин 4 баланы кармап кетишти”,- дейт активист.

Анын айтымына караганда, аталган акцияга 40-50дөй адам чогулган, бирок милиция кызматкерлери күч колдонуу менен чогулгандарды кууп, айрымдарын унааларга салып кетишкен.

Учурда сейил бакты милиция кызматкерлери кайтарып жүрүшөт, алыс эмес жерде спецназ турат. Ал жерде жүргөн милиция кызматкерлери "Алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн, анын үстүнө эч кандай кат да келген эмес, ошол себептүү кармап кетишти. Азыр алар Биринчи Май РИИБинде" деп жооп беришти.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.10.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ана сага жаны министр, дагы кандай фокустар болот болду экен.
15.10.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликтен ушуну гана кутуш керек болуп калды, оздору бийликке кан менен келди эле, эми ошонусун унутуп эл нааразычылыкка чыкса эле кармап-буктоп салып кетип жатат... Мунун арты элге кол которууго, ок атууга алып барат, бугун куч колдонуп машинелерине салып кетип жатса... Ар бир бийлик элдин колдоосунан ажырап элге жек корунду болгондо бийликти куч менен болсо да кармап турууну коздошот адам омурун, элдин эрки, каалоосу менен эсептешпей, мунун арты жакшылыкка алып барбайт! Балдардын ьалабы туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: