super.kg logo

Бүгүн Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында Адистештирилген түнкү ыкчам ротасы түзүлдү

 

Чүй облусундагы кылмыштуулуктун өсүшүнө бөгөт коюу максатында Адистештирилген түнкү ыкчам рота-милициясы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам рота ички иштер органдарын реформалоону улантуу, жаштар жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана мыйзам бузуулардын профилактикасы максатында көрүлүүдө. Аталган рота саат 20:00дөн 06:00гө чейин ыкчам экипаждар кылмыштын өсүү жагдайы көп райондордо, коомдук иш-чараларды өткөрүү орундарында жана жаштар көп топтолгон жерлерде көзөмөл жүргүзүшмөкчү.

Мындай кадам катталып жаткан кылмыштын бетин изи сууй электе ачууга өбөлгө болору айтылат билдирүүдө. Эске салсак, аталган долбоор КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: