Орусиянын "кара тизмесинде" Ош шаарынын 4 миң жараны бар экени аныкталды
Орусия Федерациясына кирүү үчүн чектөө мыйзамы чыккандан бери Ош шаарында февраль айынан бери 15 миңден ашуун жаран "кара тизмеде" бар же жок экенин аныктоо үчүн КРнын Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин Ош шаардык бөлүмүнө кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталына аталган мекеменин башкы адиси Салима Исмаилова билдирди. Анын айтымында, бул тизмеге себеби жок кирип калган жарандар жок эмес. "Биздин мекеме ушул жылдын февралынан баштап "кара тизмеде" бар же жок экенин аныктоо ишин жүргүзүп келет. Ошол убакыттан бери кайрылгандардын саны 15 миңден ашты. Алардын 4 миңи "кара тизмеде" бар болуп чыкты. Биздин өкмөт "кара тизмеден" чыгаруу үчүн Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшүүдөн кийин чыгарылган мыйзамдын негизинде Ош шаарынан 300 арыз келип түшкөн. Алардын 260ы Орусияга жеткирилди. Учурда арыздар каралып жатат. Ал эми мамлекеттик органдардын ар бир жаранга аларга тиешелүү маалыматты жеткирүүсү тууралуу мыйзамга ылайык, биз "кара тизмеде" бар экенин же жогун 3 мүнөттө тактап берип жатабыз",- деди Исмаилова.
Автор: Айсана Паизова
Аталган тизмеде бар же жок экенин аныктоо үчүн келген Имамидин Шарабидинов буларга токтолду: "Орусиядан Ошко келип, кайра кетейин деп учакка билет алып койгом. Уча турган күнү аэропортко барганда "кара тизмеде" экенимди айтышып, жөнөтпөй коюшту. Орусиянын аймагында мыйзам бузган эмесмин. Бирок Новосибирск шаарына барганымда 7 күндүн ичинде каттоого турушум керектиги тууралуу кагаз берилген. Мен 7-күнү барганымда бир күн кечиккенимди айтышып, каттоого алышкан. Балким, ошол себептүү бул тизмеге кирип калдым окшойт. Бүгүн "кара тизмеден" чыгуу боюнча арыз жазуу үчүн келдим. Турмуш шартка байланыштуу чет жакта иштешим керек".
Айта кетсек, аталган мекемеге "кара тизмеде" бар-жогун аныктоо үчүн күнүнө 60тан 100 адамга чейин кайрылышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
Aidar12.05.88

15.10.2014. 15:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кара тизмедемин азыркы учурда москвадамын. Эгер тс кирсе Кыргызстан юул проблемалар чечилеби?
AMAH.

15.10.2014. 17:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балээге чечилеби? Ушул нерсе ушул бойдон эле калса керек.Өкмөттөгүлөргө баары бир да
Мэри

15.10.2014. 17:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылыктан үмүтүңөрдү үзбөгүлөчү, баары жакшы болот...
papanstan

16.10.2014. 00:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паспортту алмаштырып Кайра келе беребиз))
iskra77

16.10.2014. 04:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паспортту алмаштырган кундо да документ тапшырганда отпечатканды алышкан болсо полный данныйларын чыгып калат. Бир эле кыргыз паспорттору эмес рос гражд алгандарды да подряд текшерип жатышат. Кече жакында кайнимдин паспортун аннулировать этип салышты аэропорттон. Болбосо озу чуркап журуп алган гражданствону. Эми ошо кайсы жерден алган болсо гражданствону ошо жерден паспортко справкасын алып келип кайра восстановить этиш керек экен. Ошо учун справканы кошо ала жургуло паспорт менен кошуп.
bakaika

16.10.2014. 07:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга барбай журоберет окшойбуз анда, чек арадан чыгаарын менен эле кара тизме кутуп тургандайго.
zhanarbek80

16.10.2014. 07:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 минутта тактап беребиз дейт. бирок пайдасы жок биздин айылдан 4 бала аеропорттон кайтып келди кара тизмеде бар болуп чыгышты
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.