super.kg logo
  Саясат  

“Айлыктарын көтөрүү менен билимдин сапаты боюнча мугалимдерге катуу талап коёбуз” дейт депутат Осмоналиев

 

"Кыргызстанда мугалимдердин айлыктарын көтөрүү менен билимдин сапаты боюнча билим берүү кызматкерлерине катуу талаптар коюлат". Муну 15-октябрда депутат Каныбек Осмоналиев “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди. Депутат парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети билим берүүнүн сапатын кийинки аптада талкуулай турганын айтат. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча тармактык министрликтин отчёту угулат. Айлыкты көтөрүү боюнча чечим кабыл алынган соң, сапатка өтүү маселеси боюнча мугалимдин жоопкерчилиги биринчи орунда болот”,- дейт Осмоналиев.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча токтом кабыл алды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: