super.kg logo

Акыйкатчы Азиялык медицина институтунун тегерегиндеги маселе боюнча тиешелүү адамдар менен жолукту

 

Бишкекте бүгүн, 15-октябрда КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев Канттагы Азиялык медицина институтунун тегерегиндеги маселе боюнча тиешелүү өкүлдөр менен жолукту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыйкатчы өз сөзүндө Азиялык медицина институтунун 100дөн ашык студенти диплом алуу, окууну улантуу маселеси менен төрт жолу келишкендигин белгилеп: “Чет өлкөдөн келип билим алып жаткан студенттердин укугун коргоо - биздин милдетибиз, бул маселени тез арада оң тарапка чечпесек, өлкө башчысына сөз тийип, эл аралык мамилелерге залалы тийиши мүмкүн”,- деди.

Маселени тез арада чогуу чечүү үчүн жолугушууга келгендердин ар бири ой-пикирин, сунуштарын айтышты. Жыйынтыгында акыйкатчы бул маселени терең изилдөө боюнча тиешелүү органдардан турган мекеме аралык комиссия иштеп жаткандыгын айтып, мыйзамга ылайык, парламенттин деңгээлине алып чыга тургандыгын белгиледи.

Жолугушууга Азиялык медицина институтунун жетекчилери, КРнын Билим берүү министрлигинин кызматкерлери, көз карандысыз адвокаттар, КРнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, КРнын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери катышты.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: