super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Кыргызстан саясий реформаны кеңейтүүгө ишенимдүү киришкенин айтты

 

Бүгүн, 15-октябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев БУУнун Борбордук Азия үчүн Адам укугу боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын убактылуу аймактык өкүлү Элизабет да Коштаны кабыл алды. Жолугушууда вице-премьер БУУнун өкүлүнө Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн, парламенттик демократияны чыңдоонун жана саясий реформаны кеңейтүү жолуна ишенимдүү кадам таштаганын айтты.

Маматалиев Кыргызстан сотторунун адам укугу жаатындагы эксперттик билимин тереңдетүүгө багытталган Жогорку комиссар башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жаткан долбоорлордун ишке ашуусуна кызыкдар экенин кошумчалады.

Элизабет да Кошта Кыргызстанда БУУнун колдоосунда ишке ашып жаткан “Укук үстөмдүгү жана адам укугун коргоону чыңдоо аркылуу тынчтык жана ынтымакка жетүү” жана “Көп кырдуулуктагы биримдик” долбоорлору тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: