super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Бишкекте Катардын делегациясын кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 15-октябрда Катар маалымат агенттигинин башкы директору Ахмад Саад Аль-бу Айнейн баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.  

Зулпукаров Кыргызстандагы инвестициялык абалды жакшыртуу багытында кабыл алынган мыйзамдык актыларга токтолду. Кыргыз тарап Катар менен болгон мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстан Катар мамлекети менен визасыз режимди орнотконун эске салып, өлкөлөр ортосундагы туристтик агымдын өсөрүнө ишеним арта турганын билдирди.

Ахмад Саад Аль-бу Айнейн туризм эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечектүү тармактардын бири болуп саналарын айтты. Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими эки өлкөнүн ортосунда түзүлүп жаткан келишим кезектегиси гана экенин, Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган дагы бир катар келишимдер кол коюуга даярдалып жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: