КРнын Эл артисти Саламат Садыковага "Түрксой" Эл аралык уюмунун сыйлыгы тапшырылды





Кечээ, 15-октябрда Кыргыз Эл артисти Саламат Садыковага Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата "Түрксой" Эл аралык уюмунун сыйлыгы берилди. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, сыйлыкты аталган уюмдун жетекчиси Дюсен Касеинов тапшырды. Т.Сатылгановдун "Алымкан" аттуу ырын кубулжута ырдап, акындын өнөрүн ааламга жайылтууга кошкон салымы үчүн төш белгиге ээ болгон ырчы: “Токтогул атабыздын мааракеси белгиленип жаткан Анкарага, Казакстанга барып ырларын аткарып келгем. "Түрксой" уюму бул наамды КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевден кийин эле мага тапшырганын билдиришти. Эмгегимди баалап, сыйлашканына ыраазымын”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
leyli00

16.10.2014. 10:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо азамат Саламат сахна ханышасы чыныгы ун чыныгы талант Бравоооо
Jeki

16.10.2014. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлыгыныз кут болсун! Алымканды келиштире ырдап, узак созгонунуз жагат. Бар болунуз эже!
Arti

16.10.2014. 13:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет уну менен кериле ырдаган Саламат эже да бул. Сыйлык кут болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.