super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар бийчи Атай Өмүрзаковго өкмөттөн колдоо көрсөтүүнү сунушташууда

 
Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында депутаттар бийчи Атай Өмүрзаковго мамлекет колдоо көрсөтпөй жатканын айтып чыгышты. Депутат Урмат Аманбаева бийчинин акыркы ийгиликтерин мисал келтирди. "Жакында Германияда өткөн сынакта Атай жана анын "Тумар КР" бий тобу калыстар тобун ыйлатып, таң калтырды. Булар чыныгы таланттуу, жаш жигиттер. Өлкөнү чет мамлекеттерге даңазалап жатышат. Угушумча, булардын чет өлкөгө чыгып, сынактарга катышуусуна мамлекеттен эч кандай жардам бөлүнбөйт экен. Булар жакында дагы сынактарга катышат экен, алардын жол киресине, жатакана, тамак-ашына мамлекет акча бөлүп бериши керек",- деди Аманбаева. 
Бул маселеге парламент жетекчиси да көңүл бурушу керектиги айтылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: