super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков өкмөттү отставкага кетирүү маселесин кайрадан айтып чыкты

 

"Өкмөттү тез арада отставкага кетириш керек". Муну парламенттин 16-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков айтып чыгып, өкмөттүн энергетика багытындагы иш-аракеттерин сынга алды. “Өкмөттүн да, президенттин да парламенттеги өкүлүнө кайрылгым келбейт, мен өкмөттү тез арада кетирүү талабы менен коалициялык көпчүлүккө кайрылам, иштей албаган өкмөттү кетиргиле, эмне кармап отурасыңар?”- деди Исаков.  

Депутат борбор шаарда митингге чыккан активисттерди уруп-тепкилеген милиция кызматкерлерин жумуштарынан бошотууну талап кылды.

“Интернеттен окудум, Ошто милиция кызматкерлери майрамдашып, анан бири-бири менен мушташышыптыр. 15-октябрда Бишкекте жаштар күйүүчү майдын кымбатташы боюнча митинг өткөргөнү жатса, аларды милиция уруп-тепкилеп алып кетиптир. Ушундай милициянын бизге кереги барбы, аларды жумуштан алыш керек. Биздин эки революциянын жемиши кайда?”- деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: