Аксы районунда жаштардын бир айлыгы жарыяланат
Аксы районунда 17-октябрда жаштардын бир айлыгы жарыяланат. Бир айлыктын алкагында райондогу жаштарды активдештирүү, айыл жаштарын мобилизациялоо иштери жүрүп, түрдүү темадагы семинар, тренингдер өтөт. Иш-чара англис тили, орус тили жана компьютерди өздөштүрүү боюнча акысыз курстарды, флешмоб, жакыр үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүлөрдү уюштуруу менен коштолору айтылды. Аксы райондук жаштар кеңешинин төрагасы Мирлан Сагынбаевдин билдиришинче, 17-ноябрда 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата салтанаттуу кече өтөт. Бул демилгени акимчилик, Кербен шаардык мэриясы, райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү колдоого алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

